Ошентип, КРнын кезектеги чемпиондугу да аяктап калды. 17-октябрда Кочкор-Атада жергиликтүү “Нефтичи” канттык “Абдыш-Ата” менен 1:1 эсебинде тең чыгып, өз тарыхында 1 алтынга ишенимдүү кадам таштады. Эми «нефтичилер» чемпион болушу үчүн 24-октябрда бишкектик “Шерди” жер каратышы керек. Ал оюнга параллель түрдө Бишкекте боло турган “Дордой”-“Абдыш-Ата” оюнунда жеңип чыккан команда күмүш медалга ээ болот.
Кызыгы, соңку жылдары чемпиондук үчүн айыгышкан күрөш жүргүзүп келген «Дордой» менен «Абдыш-Ата» ушинтип 2-орунду талашып калышты. Оюндар 16:00дө башталат. Төмөндө акыркы тур алдында мелдеш жадыбалы берилди.