Футбол тарыхы жана статистикасынын эл аралык федерациясы ай сайын командалардын дүйнөлүк рейтингин (Топ-350) аныктап келет. Кубандырганы, ал рейтингден КРнын көп жолку чемпиону, АКФнын президентинин кубогунун финалчысы, кыргызстандык «Дордой» да орун алды. Болгондо да сенсациялык түрдө орусиялык “Спартак”, казакстандык “Актөбө” жана өзбекстандык “Пахтакор” командаларын артта калтырды. Тизмеде «Дордой» 244-орунда турса, аны УЕФАнын ЧЛсынын учурдагы чемпиону, италиялык «Интер» жетектөөдө.
Бул тууралуу команданын президенти Аскар Салымбеков: «Мен мындан 30 жыл мурун ушул рейтингди угуп, «келечекте менин командам да андан орун алса...» деп кыялдангам. Менин кыялым орундалды»,- деп билдирди.