АПТА ХРОНИКАСЫ

ТАБЫШМАКТУУ ӨЛҮМДҮН СЫРЫ АЧЫЛА ТУРГАН БОЛДУ
Ырчы Микаэлдин табышмактуу өлүмүнүн түйүнү азырынча чечиле элек. Ырчы каза болгондон кийин 2010-жылдын 24-май күнү кылмышка шектүү катары жакын досу Эркин кармалган эле. 4 айдан берки тергөө иши соңуна чыгып, 19-октябрь күнү алгачкы сот процесси жабык түрдө өттү.
Маалыматтар боюнча, Эркин учурда ден соолугуна байланыштуу үй камагында. Кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралууда.
Кийинки сандарыбызда бул кылмыш иши боюнча кененирээк сөз кылабыз.

15 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ КЫЛМЫШКА КИМ ТҮРТТҮ?
18-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарчасындагы Азимкан көчөсүнөн 7 жаштагы эркек баланын өлүгү табылган. Денесиндеги бычактын издеринен улам “бала мыкаачылык менен өлтүрүлгөн” деген пикир бар. Кабар келип түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери кылмыш болгон жерге барышып, изилдөө жүргүзүшкөн.
Изилдөөнүн негизинде Токтогул шаарчасында жашаган 15 жаштагы кыз кылмышка шектелүүдө. Ал кылмышка колдонулган буюмдарды жашырып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө жүрүүдө.

ЗОРДУКЧУГА АМАЛ ЖОК
16-октябрь күнү кечке маал Бишкек шаарынын Төмөнкү Ала-Арча айылында бара жаткан кызга кол салынган. Белгисиз жигиттер 28 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктап, ден соолугуна зыян келтиришкен.
Бул кылмыш боюнча Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери кылмыш ишин козгоп, иликтөө башталган. Учурда кылмышка шектүү делинип, 40 жаштагы, 28 жаштагы жана 27 жаштагы Аламүдүн районунун тургундары кармалышты.

ТОНООЧУЛАР КАРМАЛЫШТЫ
Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндө жайгашкан “Рыбак” аттуу азык-түлүк дүкөнүнө болжол менен күндүзгү саат 3төрдө бет кап кийген 3 тоноочу кирип келген. Бири колундагы курал менен дүкөнчүнү коркутуп, экинчиси кассадагы акчаны алганга аракет кылса, үчүнчүсү кароолдо турган. Бирок дүкөндүн кызматкерлери сырттан кирип келишип, алардын максаты ишке ашпай калган. Тоноочулардын бири аткан октон улам дүкөнчү колунан жаракат алган. Дүкөндө иштегендер кылмышкерлердин бирин өздөрү кармап калышкан.
Октябрь РИИБинин кызматкерлери кылмышкерлердин экинчисинин изине түшүп, аны да кармашкан. Учурда үчүнчү кылмышкер издөөдө.

30 ТОННА ЧӨП ӨРТТӨНДҮ
19-октябрь күнү Ош облусунун Баш-Булак айылында жашаг­кан ­­­О.Кыч­­каковдордун короосунда жыйылган 17 тонна чөп өрттөндү. Тилсиз жоо коңшусуна да өтүп, алардын 13 тонна чөбү жалынга кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү 5 сааттын ичинде өчүрүшкөн.

ТЕАТРДА ӨРТ ЧЫКТЫ
Бишкек шаарынын Абдымомунов көчөсүндө жайгашкан Кыргыз драма театрында өрт чыкты. Сахнадан чыккан өрт театрдын бир топ буюмдарына зыян келтирген. Өз учурунда жетип барган өрт өчүрүүчүлөр жалынды жарым саатта өчүрүшкөн. Өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда.

ҮЙ ӨРТТӨН ЖАБЫРКАДЫ
17-октябрь күнү Бишкек шаарынын Жаш Гвардия гүлбагында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыкты. Бул үй “Чиркин” жеке ишканасына тиешелүү болчу. 6-кабаттан чыккан өрттү өрт өчүрүүчүлөр тез эле өчүрүшүп, коркунучта калган 10 үй-бүлөнүн сыртка чыгуусуна жардам берген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан