Вера Брежнева бул күнгө чейин жолдошу бар экенин жашырып келген. Көпчүлүк “ырчынын жолдошу украиналык олигарх Михаил Киперман” деп айтышса да, такыр моюнга алчу эмес. Эми ачыгын айтты. Ал паспорту боюнча Брежнева эмес, Киперман экен. Олигархка турмушка чыкканда фамилиясын алмаштырган турбайбы, мына кызык!