29 жаштагы америкалык ырчы Алиша Киз продюсери жана жолдошу, рэп ырчы Свиз Битц экөө уулдуу болушту. Ымыркайга ата-эне Египт Дауд деген ысым ыйгарышты. Египт Дауд ырчы кыздын тун баласы болсо, Свиздин төртүнчүсү. Анткени мурунку никесинен балдары бар.