Мегажылдыз Жан Клод Ван Дамм “Оружие” (“Курал-жарак”) аттуу жаңы тасмага тартылып жатканда жүрөк оорусу кармап, ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер текшерип, “акыркы кезде ойлондурган окуя болду беле?” деп сурашкан. Актёр: "Ооба, жубайым менен ажырашып жатканыма капамын",- деген. Жубайы Глэдис Португез менен ажырашуусуна актёр өзү күнөөлүү дешет. Анткени Ван Дамм Украина модели Алёна Каверина аттуу селки менен мамиле куруп кеткен.