“Тумар” радиосунун ди-джейлери бир кызматкерге көбөйдү. Ал – ырчы Даниель. Сыналгыдагы караанына жалбарган күйөрман кыздар эми үнүнө арбалышат. Даниель ди-джей болуу үчүн эки ай бою катуу даярдык көрдү.
Ырчынын даяр кадр болуп калганын байкаган радионун жетекчилиги эфир толкунуна алып чыгышты. Жумасына эки жолу кечки саат 7ден 12ге чейин радиоберүүлөрдү алып барган ырчыны күтүп уккан угармандар пайда боло баштады.