АЙДИН ШЕР 21 ЖАШЫНДА ТУШООСУН КЕСЕТ

Ата-эне баласы эми кадам таштай баштаганда тушоосун кесет эмеспи. Айдин Шердин тушоосу кесилбей калган экен, 21 жашка чыкканда өзүнүн тушоосун өзү кескени жатат. Тушоо кесүү Спорт Ордосунда өтүүчү “Кыргызым” аттуу концертинин алдында, тагыраак айтканда, 10-11-ноябрь күндөрү болот. Кыргыздын улуттук баш кийимин, чапанын кийип ат менен келген Айдиндин эки буту кадимкидей байланат да, биринчи келген адам тушоосун кесет. Жигиттер өзүнчө, селкилер өзүнчө чуркашат.
Алдыңкы келгендер атайын буйрутма менен жасалган "Айдин Шер" деген жазуусу бар бычак менен кошо кызыктуу белектерге ээ болушат. Андыктан концертке барчу селкилер, бийик такалуу эмес, жапыз бут кийим кийсеңер, жолдуу кайтасыңар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан