Саясаттан колу бошобой жүргөн айтылуу обончу, аткаруучу Бек Борбиев кайната деген статуска ээ болду. Тактап айтканда, Медициналык академиянын 3-курсунда окуп жаткан улуу кызы Шахназды турмушка узатты. Бул тойго аттуу-баштуу ырчылардын бардыгы катышты.
Кызды алып кеткени келген куда-кудагыйлар 16-октябрда “Дасмия” эс алуу борборунда Бек мырза менен Фарида айымдын сыйлуу коногу болушту.
Обончунун күйөө баласы Турарбек – Кеминдин кулуну. Учурда Орус-Кыргыз Славян университетинин студенти. Эки жаштын ага-туугандан бата алчу чоң тою 24-октябрда Бишкекте өтмөкчү.
Кызын башка бирөөнүн бүлөсүнө кошуп берип ичи ачышып жаткан Берадор мырзага кыздын барар жери күйөө, көп ойлонбоңуз деп жубатуу менен куда кут болсун демекчибиз.