Жылдын аягына чейин жарык, газ жана жылуулуктун баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Ал эми кээ бир айларда газдын 1 метр кубу 15 сомдон ашып кеткен маселени да карап чыгышарын айтты. “Кыргызгаз” ААКсынын башкы директорунун орун басары Евгений Орленконун айтымында, өзбек тарап менен кол коюлган келишимге ылайык, көгүлтүр оттун баасы ар бир кварталда доллардын курсуна карап өзгөрүп турган. “Келерки жылдан баштап биз газдын баасын арзандатуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштайбыз”,- деди Евгений Орленко.