КАРГАШАЛУУ КЕК

Бул адамга туш тарабы темир тор менен курчалган түрмө өз үйүндөй эле болуп калгандай. Андыктан, судьянын: "Соттолуучу Мурат Эркинбаев жыйырма жылга эркинен ажыратылсын. Жаза мөөнөтү күчө­түлгөн тартиптеги абакта өтөлсүн",- деген өкүмүн угуп бир «дирт» этип да койгон жок. Ал эми он гүлүнүн бири ачыла элек кызынан айрылып калган эне соттун жыйын залында буркурап ыйлап жатты.

"СЕНИН АЙЫҢДАН..."
– Экзамени түштө эле бүткөн. Кызың эмгиче келе элек.
Кабагын чытыган Салим тынчы кете жубайына карап калды.
– Балдар-кыздар менен шаар айланып ойноп кетишкен чыгаар. Акыркы экзаменди тапшырып бүтүштү. Бүрсүгүнү бүтүрүү кечеси болот. Балким, ошонун камын көрүп жүрүшкөндүр.
Жолдошун минтип тынчыткан менен Канышайдын да жүрөгү негедир түпөйүл болуп турду. Асел – алардын кичүү кызы. Быйыл мектепти бүтүрүп жаткан. Бул учурда он алты жаштагы сулуу кыз колу-буту байлануу, оозуна чүпүрөк тыгылып, былк этип кыймылдай албай шаар четиндеги сайдын жээгинде моюнуна тийген бычактын муздак мизинен титирей жаны чыгып отурган.
– Канчык! Сенин айыңдан мен кызыл шапкечен иттерге кармалып, канча жыл түрмөдө жаттым! Болбосо азыр Орусияда чаң салып жүргөн болоор элем.
Мындан он жыл мурун опер кызматкерге такылдап сүйлөгөн секелек кыз көз алдына келгенде бычак такаган кишинин жаак эттери түйүлө түшүп, бар күчү менен бычакты тартып жиберди. Аселдин апакай алкымынан кыпкызыл кан атылып кетти. Эми эле көздөрүнөн жаш куюлта дирилдеген кыздын тамагынан коркураган кызыктай бир үн чыгып, жаш денеси чабалактап жатты. Эми өзүн кармай албай калган киши колундагы чоң бычакты Аселдин туш келген жерине сайып кирди. Такыр былкылдабай калгыча сайгылап, анан башын көтөрө туш-тарабына абай салып, жакын жерде киши-кара көрүнбөгөн соң жанталашып кыздын кол-буттарын кескилеп кирди. Соттоло берип, милициядан көңүлү калган ал ушул тапта "тезинен сөөктү жоготуу керек" деп ойлоп, жанталашып жатты. Демейде анча-мынча кишилер өтүп калчу бул жерден бүгүн эч ким көрүнө бербеди. Кол-буттарды өзүнчө мүшөккө салып, башын, денесин өзүнчө бөлүп алган киши үч мүшөктү ары жакта токтоп турган эски "Москвичине" сүйрөп барып салып, алда кайда айдап жөнөдү.

ЖАШ КЫЗГА КИМ МЫНЧА КАРШЫККАН?
Аселдин башын ал жоголгондон үч күндөн кийин шаар четиндеги сайдан табышты. Эрке кызы ушундай каргашага туш болгонуна Канышай менен Салим ишене албай башын муштагылай ыйлап жатышты. Шаардык милиция түп көтөрүлө издеп жүрүп бешинчи күн дегенде мүшөккө салынып, таш менен корумдалып салынган кол-буттарды табышты. Кесилген колго титирей көз жүгүрткөн Канышай аты жок манжадагы шакектен улам кызынын колун тааныды. Ошол эле күнү таштандылар арасынан денени табышты. Бир үйдүн эч кимге зыяны жок эрке талтаң кызы мынчалык кимдин безине тийген эле? Күйүттөн бир аптада картайып кеткен Салим менен Канышайды милиция кызматкерлери үйүнө жибербей, ким мынчалык Аселге каршыгышы мүмкүн экенин эстөөнү талап кылып жатышты. Эсин жоготуп, кайра өзүнө келип жаткан Канышайдын эсине мындан он жыл илгери болгон окуя келди...

ОН ЖЫЛ ИЛГЕРИ...
– Эшик шыңгырап жатат. Карагылачы, ким келди?
Канышайдын сөзүнөн улам барып эшикти ачкан Салим адегенде тышта турган жигитти тааный албады. Бүшүркөй тиктеп калган Салимге салам берген бейтааныш өзүн тааныштыра кетти.
– Салим аке, мени тааныган жоксузбу? Мен Муратмын. Капар агаңыздын уулумун.
– Аа, тааныбай калган турбаймынбы. Кел, үйгө кир.
Оозу бош унчуккан Салим конокту анчалык жактыра бербей ичкери көздөй кол жаңсады.
– Азыр, тышта апам турат. Аны алып келе калайын.
Жүгүрүп артын көздөй кеткен Муратты Салим жактырбай тиктеп калды. Жакын тууганы болсо да, ушул жигиттен алыс жүрүүгө аракет кылаар эле. Мектепте окуп жүргөндө теңтуштарын токмоктоп, "атаман" аталып жүрүп бир күнү милицияга түшүп калган. Өзүнөн кичүү баланы катуу токмоктоп коюп, майып кылып койгон экен. Ошентип, тогузунчу классында камалган. Абакта жүрүп дагы бир кылмыш кылып, жаза мөөнөтү узарып кеткен. Мындан эки жыл мурун абактан бошоп келгени менен Салим алыскы айылда жашаган бул инисин көргөнү барган эмес. Андан соң анын үйлөнгөнүн уккан. "Эми адам болуп тынч жашап кетсе экен" деп жүргөн.
Эки күн болсо да тымпыйган жеңеси менен иниси келген себептерин айтышпады. Акыры ичи бышкан Салим кепти өзү баштап, экөөнүн келген себебин сурап отуруп билди.
– Сен эмне деп турасың? Ушундай ишти кылып коюп, менин үйүмө качып келесиңби? Сенчи, жеңе, мобул акмак "жүрү, кеттик" десе, чалажан келинди таштап салып келе бердиңби?
Аюудай бакырган Салимди ордунан ыргып турган Мурат жакалай муунтуп калды.
– Айкырба! Жиниме тийсең, сени да мууздап салып кете берем. Азыр Орусияга кача албайм. Анткени, бул шаардагы досум бир жумадан соң Орусияга жөнөйт экен. Үйүңдө дагы бир жума жатам. Ошого чейин тигил кызыл шапкечен иттер шимшилеп келип калышса үн дебейсиң. Катын-балаңа да айтып кой. Апамды өзүм менен алып кетем. Кийинчерээк кайра жөнөтүп жиберем.
Көздөрү канталай чанагынан чыккан жигиттин түрүнөн эси чыккан Салим унчуга албай калды. Бул акмак келинчеги менен уруша кетип, аны бычак менен бырчалап салып, анан энесин алып качып келген экен. Бир чети: "Мейли, качса качып кетсин. Ушунча алыс жерге милиция издеп келбесе деле керек",- деп өзүн жооткотуп койду. Ошол замат улуу балдарын, аялын чакырып, болгонун болгондой айтып, кокус милиция кызматкерлери сураштырып калышса эмне деп жооп берүү керектигин үйрөттү. Тышта так секирип ойноп жүргөн Аселге эскертүү Салим менен Канышайдын оюна да келбеди.
Мурат менен энеси келгенден төрт күндөн соң Салимдин үйүнө жөнөкөй кийимчен милиция кызматкерлери келишти. Салим алардын сурагынан: "Мурат аттуу иним бар экени анык. Эки жыл мурун абактан чыкканын уккам. Бирок, көрө элекмин",- деп кутулду. Эки опер кызматкер Салим менен сүйлөшүп жатканда үчүнчүсү скакалкасын көтөрүп тышка чыгып бараткан Аселди токтотуп калды.
– Бантигиң сонун экен. Муну сага ким алып берди?
– Атам апкелип берген.
– Атың ким сенин?
– Асел.
– Асел, силердин үйүңөргө кары кемпир, мурутчан байке келдиби?
– Мурат байкемди айтасызбы? Ооба, келди. Ал азыр спальныйдын балконуна чыгып кетти. Апасы да ошол жакта.
Такылдап оперге сүйлөп жаткан кызынын үнүн угуп турган Салимдин жүрөгү титиреп кетти. Кыздын кебин уккан оперкызматкерлер үн-сөзсүз төркү бөлмөнүн балконуна тапанчаларын көтөрө кирип барышты. Кыйгач жабылган эшиктен Аселдин үнүн Мурат да угуп турган эле. Колу артына кайрылып, кишенделип чыгып баратып секелек кызды көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй бир тиктеди. Наристе кыз анын бул учурда эмнени ойлогонун кайдан билсин?! Ошентип, Мурат аялынын өмүрүнө кол салгандыгы үчүн он жылга соттолуп кеткен эле. Асел болсо жигиттердин шилекейин агызган сулуу кыз болуп чоңойгон. Алгач улам эстей калып жүрүшүп Салимдин бүлөсү бул окуяны унутуп жиберишкен. Болгону, аны Мурат унутпаптыр. Түрмөдөн чыккан күнү эле карылыктан колу-башы калтылдап калган энеси менен учурашып, гаражда токтоп турган атасынын эски "Москвичин" айдап алып жолго түшкөн. Ал он жыл бою оюнда жүргөн кегин алмакчы болгон экен.
Ошентип, кайрадан колу кишенделген Муратты түрмөгө алып кетишти. Бул ирет ал жыйырма жылга соттолду. Эми кайрылып абактан башы чыгаары, анын убайын тартып жүрүп оорулуу болгон энесин көрөөр-көрбөсү белгисиз.

Даярдаган Айбек Нурадилов. Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 295, 27-июнь - 3-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан