Бишкек шаарындагы Орусиянын элчилигинин имаратынын жанында “Путин, Кыргызстандан колуңду тарт!” деген лозунгдар менен чыккан митинг болуп өттү. Акция 10 кишиден турган демилгелүү жаштар тобу тарабынан уюштурулган. Алар “Биз саясатын эмес, Орусия менен анын элин сыйлайбыз жана жакшы көрөбүз”, “Биз Кыргыз федералдык округ эмеспиз” деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Анын катышуучуларынын бири, көз карандысыз журналист жана коомдук ишмер Илья Лукашов: “Биз өлкөбүздүн эгемендигине шек келтирген жана ички иштерине кийлигишкен Орусиянын бийлигине каршыбыз. Орусия “каардуу өгөй атанын” ролун аткарбай, мурунку бир туугандай алакасын улантсын”,- деди. Мындай билдирүүнү камтыган катты элчиликтин кызматкерине өткөрүп беришти.