Кыргызстандын ун чыгаруучу ишканалары ундун баасы маал-маалы менен кымбаттай тургандыгын билдиришүүдө. Бул тууралуу азык-түлүктүн баасын аныктап чыккан Экономикалык тескөө министрлиги кабарлайт. Белгилүү болгондой, ун чыгаруучу ишканалардын көпчүлүгү Казакстандан келген буудайды пайдаланышат. Ал эми буудайдын баасы дүйнөлүк рынокто да күндөн күнгө көтөрүлүп жатат.
Бишкек шаарындагы базарларда өткөн аптага салыштырмалуу биринчи сорттогу ундун баасы 1-2 сомго көтөрүлүп, орточо эсеп менен 1 килограммы 25 сом болуп калды. Буудайдын баасы аймактарда да туруксуз болуп, кээде арзандаса, бир туруп кымбаттоодо.