КУЛОВ МЕНЕН МАДУМАРОВДУ БИРИКТИРГЕН МАШКЕВИЧПИ?

Орусиялык саясатчы Михаил Тульскийдин маалыматы боюнча, казак ишкерлери каржылык жактан “Ар-намыс”, “Ата Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” партияларына көмөк көрсөтүшкөн. “Алдын ала жыйынтык боюнча, жеңишке жеткен партиялардын ичинен бир гана “Ар-намыстын” лидери Феликс Кулов нааразычылык акциялары менен чыгып жаткан “Бүтүн Кыргызстанга” жан тартууда. Мындай позицияны алардын демөөрчүсү бир кишиден тургандыгы менен түшүндүрсө болот. Бул партияларды каржылаган адам – казак олигархы Александр Машкевич,- дейт Михаил Тульский. Саясатчы өзүнүн мындай жоромолун “CA-NEWS” агенттигине жарыялады.
Мындай жоромолдун чындыгы жок деп айтуу кыйын. Анткени Машкевичтин Кыргызстандын энергетика тармагына көз артып жүргөндүгү жалпыга маалым. Кайрымсыз журт башылардын айынан кыйналып турган өлкөбүздүн учурда көзгө илинер байлыгы эле энергетика эмеспи. Демек, эми парламентте орусиячыл маанайдагы партиялардан сырткары казакстандык маанайдагы саясатчылар орун алып калышы толук ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ilgez
2010-10-26 17:59:52
Кудай озу колдосун, бийликке келер алдында коп эле иштерди соз менен аткарып жиберген биздин депутаттар эми колу менен корсотот бекен??? Шайлоодон кийин дагы тынчтык керек бизге!!!!!!
0
№ 416, 22-28-октябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан