“Эгерде бийлик “Бүтүн Кыргызстан” партиясына карата адилетсиз чечим кабыл алса, анда биз бийликти алмаштырууга чейин барабыз”,- деди аталган партиянын мүчөсү Марат Кайыпов. Биз аны менен байланышсак, Бишкек шаарынын эски аянтында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташтары үч күн бою БШКнын алдын ала жыйынтыгына каршы чыкканын жана азыр элди убактылуу токтотуп тургандыгын айтты.
Марат мырзанын айтымында, учурда Ош облусунда 70тен ашуун адам ачкачылык кармап отурат. “БШК акыркы жыйынтыгын 22-23-октябрда билдирерин айткандыктан, анын чечимин күтүп жатабыз. Эгерде, адилетсиз чечим чыкса, анда ошол эле күнү бүткүл Кыргызстандын элин көтөрөбүз”,- деди Марат Кайыпов.
Маалымат үчүн: Марат Кайыпов «Бүтүн Кыргызстан» партиясына «Жаңы Кыргызстан» партиясы менен кошулган.