Жаштар арасында аябай популярдуу болгон “23:45” жана “5ivesta” тобу ушул деңгээлге, атактуулукка жеткирген продюсери Олег Мироновдон айрылышты.
Күндүзгү саат 14 чамасында Олег музыкалык студияда иштеп отурган жеринен көкүрөгүн мыкчып жатып калган. Бүт өмүрүн музыкага арнаган 40 жаштагы Олег Миронов “Тез жардам” келгенче көз жумган.