42 жаштагы ырчы Селин Дион Флоридадагы төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарды. Эгиз балдардын бири 2 килограмм 380 грамм, экинчиси 2 килограмм 550 грамм салмакта жарыкка келди. Ымыркайлар мөөнөтүнө жетпей төрөлүшкөндүктөн, дагы бир нече күн вакуумда болушмакчы.
Эскерте кетсек, ырчы 68 жаштагы жолдошу Рене Анджелиль экөө жасалма жол менен бойго бүтүрүүнү тандашкан. Алардын 9 жаштагы Рене-Чарльз аттуу уулу да бар.