Акыркы кезде көгүлтүр экрандан көрүнбөй кеткен Нурзат Токтосунова кайрадан ээрге минди. Чоң тандоодон өткөн Нурзат учурда телеалпаруучулук ишине киришти. Түрк, Азербайжан, Кыргызстанды бириктирген “Достук көпүрөсү” аттуу телеберүүнү эми Нурзат Токтосунова журналист Эркин Рыскулбеков менен алып барат.
Бул аптада телеберүүнүн тыныгуудан кийинки жаңы версиясы Коомдук биринчи каналда түз эфирде жарыкка чыкты. Кызыгы, эфир учурунда азербайжан алпаруучусу Салихтин Нурзатка аябай тийишкени байкалган. Кесиптештери "эми азербайжанга сени келин кылып беребиз го" деп тамашалашууда.