Бишкектеги “Платинум”, “Бакарди” түнкү клубдарында август айынан тарта сулуулар сынагы старт алып, “5-Авеню” (5th Avenue) клубунда жыйынтыкталды. Сынакка түнкү жашоону сүйгөн 50гө жакын ай чырайлуу бийкечтер катышкан. Албетте, клубдардын сулуусу болуш үчүн кыздардын жаш өзгөчөлүгү, бой-салмагы эмес, бийлегени, баскан-турганы, кийингени биринчи орунда каралды. Ошентип, сизге, бизге таанымал “Версус” тобунун бийчиси Асел “5-Авеню сулуусу” деген наамды жана баш байгени илип кетти. Сахнада чимириле бийлеген бул бийкеч клубдардын көркүн аччу “Бема, Айкаларга” биринчиликти берген жок.