Ди-джейлер үчүн быйыл кубанычтуу жылдардан болду десек жарашат. Анткени “Сезим” радиосунун директору Арстанбек Абдыманов жакында эле кыздуу болду. 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлгөн наристе борбордогу №4-төрөт үйүндө жарыкка келди. Ымыркайга таенеси Сезим деген ысымды ыйгарды. Ошентип, 33 жаштагы ди-джей 3 баланын атасына айланды. Улуусу Эртилек 7 жашта, экинчиси Фатима 3 жашта, анан Сезим.
Ал эми ди-джей Замир Казакбаевдин уулу 3 килограм 100 грамм салмакта төрөлдү. Наристенин атын Замир өзүнүн туулган күнү – 27-октябрда азан чакырып койду. Баястан деген ысымды ымыркайга ди-джейдин апасы ылайык көрүптүр. Айта кетсек, Баястан Замирдин Сымбат аттуу кызынан кийинки көргөн баласы.