...президент Роза Отунбаева Нарын районундагы 118 гектар жерди “Рокизол” ЖЧКсына пайдаланууга өткөрүп берди. Аталган мекеме “Сары-Жел” жана “Кум-Бел” кенинде алтын жана вольфрамды кайрадан иштетип чыкмакчы.
...Башкы прокуратура экс-президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын жана туугандарынын тиешеси бар деген 40 кылмыш ишин сотко ашырды. Анда 68 кишиге айып тагылса, анын ичинен 25ине эл аралык издөө жарыяланган.
...Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Байыш Нурматовдун айтымында, 3G стандартын (мобилдик байланыш технологиясынын 3-мууну) киргизүү боюнча өкмөттүн токтому макулдашылып жатат. Бирок токтомду күтпөй эле, Beeline, MegaCom жана Fonex уюлдук операторлору 640 миң долларга 3G стандартын сатып алышты.
...Кыргызстан дале дүйнөдөгү паракорчулукка баткан өлкөлөрдүн бири боюнча калууда. Бул тууралуу эл аралык “Transparency International” уюмунун кезектеги баяндамасында айтылат. Ошентип, биздин мамлекет паракорчулуктун гүлдөп-өнүгүшү боюнча 178 өлкөнүн ичинен 14-орунду ээледи.
...Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 27-октябрь күнү милиция кызматкерлерине белгисиз адамдар тарабынан ок атылды. Бул окуянын жыйынтыгында милиция кызматкерлери Кулан Бердалиев менен Кылыч Исманов каза болушкан.
...“АзияУниверсалБанк” банкрот болду” деп жарыяланды. “Бул банк экс-президенттин үй-бүлөсүнө тиешелүү” деген имиштер айтылып келген. Ошентип, кыска убакыттын ичинде гүлдөп-өнүккөн банктын “ичер суусу” да аяктады.
...Кыргызстанда 11 газ жана 11 нефти кени бар. Эгерде нефти кенинин запасы 13 миллион тоннага чукул болсо, ал эми газдын көлөмү 7,5 миллион метр кубга чейин жетет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.