ПАРТИЯЛАРДЫН ДОБУШТАРЫ КЕМИДИ

Парламенттик шайлоо өткөндөн кийин менмин деген эл аралык уюмдар “Азиядагы алгачкы таза шайлоо” деп жар салышкан. Бирок жыйынтыктын аягы көрүнбөй жатканына караганда, “таптаза” деп аталган шайлоо атына заты жарашпаган сыяктуу.
Алсак, Орусиядагы төрт шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ошондой эле Украина, Германия, Улуу Британия, Швейцария, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, АКШ жана башка өлкөлөрдөгү 9 участогунун добуш берүү жыйынтыгы жарабай калды. Мында добуш берүүнүн протоколдоруна мөөр басылган эмес. Андан сырткары кошумча тизме менен келген шайлоочулар каттоосу жок жарандык паспорт менен добуш беришкен. Ал эми Кыргызстандагы шайлоо тилкесинин биринде шайлоочулардын 95 пайызы документи жок добуш бергени аныкталды.
Эгерде мындай мыйзам бузуулар көп болсо, 5 пайыздык чектен өткөн партиялардын божомолдуу алган мандаттарынын саны өзгөрөрү турган кеп. Демек, партиялардын өкүлдөрүнө кубанганга да, кайгырганга да эртелик кылат. Добуштар кемитилгендеги жыйынтык:

1. “Ата Журт” 266 миң 996 – 2014 = 264 миң 982
2. КСДП 241 миң 528 – 697 = 240 миң 831
3. “Ар-намыс” 232 миң 682 – 495 = 232 миң 187
4. “Республика” 217 миң 648 – 981 = 216 миң 667
5. “Ата Мекен” 168 миң 218 – 655 = 167 миң 563

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 417, 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан