“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов маалымат жыйын уюштуруп, кээ бир маселелер боюнча агынан жарыла сүйлөдү. Орусияга барып келгенин жар салган “ар-намысчылардын” башчысы президент Дмитрий Медведев менен илгертен, тактап айтканда, акыркы 5 жылдан бери тааныш экендигин айтты.
Ал эми Алмазбек Атамбаев менен болгон алакасын “сен мага тийбе, мен сага тийбейм” деген маанайда экенин кошумчалады. Эскерте кетсек, буга чейин КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев аны «жыгач генерал» деп атаган болчу. “Мен эч кимди кемсинтпейм. Атамбаев мырза менин дарегиме акаарат сөз айтканын билем. Балким, бул анын тийиштүү деңгээлде маданияттуу эместигинен чыгар”,-деди Феликс Кулов.