2002-жылы 17-18-мартта болуп өткөн Аксы трагедиясы боюнча кылмыш ишинин иликтөөсү аяктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Бул иштин негизинде Чубак Абышкаев, Болот Жанузаков, Зоотбек Кудайбергенов жана экс-президент Курманбек Бакиев кылмыш жоопкерчилигине тартылышмакчы. Азыркы учурда айрым айыпталуучулар менен алардын адвокаттары иш менен таанышууда. Андан кийин кылмыш иши сотко жиберилет.