102 билдирет
САНЖАР БАКИЕВ 10 ЖЫЛГА КАМАЛДЫ
2-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Аскер сотунун имаратында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Санжар Бакиевдин үстүнөн сот иши каралды.
Ал 2010-жылдын 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында массалык баш аламандыкты уюштургандыгы, мыйзамсыз курал сактап жүргөндүгү жана бийлик өкүлдөрүнө күч колдонгондугу үчүн күнөөлүү деп табылды. Жалал-Абад шаардык соту бул кылмыштары үчүн айыпталуучуну 10 жыл эркинен ажыратууга чечим чыгарды.
Ал эми "Убакылуу өкмөттүн эки тарапкерин өлтүрдү" деген кине боюнча Санжар Бакиев күнөөсүз деп табылды.
МОНЧОДОН ЭКИ КЫТАЙДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарында 31-октябрь күнү кечки саат 21:00дө жеке менчик мончолордун биринен кытай улутундагы эки адамдын сөөгү табылган.
Териштирүүдө алар Шанхай шаарынын жашоочулары Женг Шулинг (1972-жылкы) жана Ванг Жанхуй (1971-жылкы) экени аныкталды. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Божомолдорго караганда, алар токко урунуп өлүшкөн.
ДУБАЛ БАСЫП КАЛЫП КӨЗ ЖУМДУ
Чаткал районунун Терек-Сай айылында 1-ноябрь күнү түнкү саат бирлер чамасында айылдагы тоодон 700 килолук таш кулаган. Ал таш Жаркулов Бакытбектин үйүнүн дубалын жарып кеткен. Жыйынтыгында дубал Бакытбек кызы Аселди (2004-жылкы) басып калып, 6 жашар кыз жарык дүйнө менен кош айтышкан.
СОЛЯРКАНЫ "ЖЕП КОЙГОНДОР"
Каржы полициясы тарабынан Ноокат районунун Т.Кулатов айыл башкармалыгынын башчысы Э.А. менен башкы эсепчи З.А. кармалды. Алардын күзгү эгин жыйноого делген баасы 504 миң сомдук 18 680 литр солярканы сатып жиберишкени аныкталды.
Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
ШЕКТҮҮ АДАМ КАРМАЛДЫ
Кызыл-Кыя шаарында эки милиция кызматкерин өлтүрүп кеткен кылмыш иши боюнча шектүү адам Бахром Шамсуддинов кармалды. Ал 2-ноябрь күнү Өзбекстанга качып кирип бараткан жеринен укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
ЧИРКӨӨНҮ ТОНОП КЕТИШТИ
Бишкек шаарында 2-ноябрь күнү түнкү саат төрттөр чамасында Панфилов-Ленинград көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан чиркөөнү белгисиз адамдар тоноп кетишкен. Кароолчуга күч колдонуп, кылмышкерлер акча, DVD жана уюлдук телефонду жымырышкан. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Айрым маалыматтарга караганда, 2010-жылдын жайынан бери Кыргызстанда 20 чиркөө тонолгон.
101 билдирет
МАЛ ТОЮТСУЗ КАЛДЫ
ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН КӨЗ ЖУМДУ
Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндө 31-октябрь күнү саат 22:50дө Дэу Леганза автоунаасы кырсыкка учурап, толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктан улам айдоочу С.Бакишев оор абалда ооруканага жеткирилсе, жүргүнчү Б.Жолдошев көз жумган.