40 жаштагы белгилүү америкалык ырчы Мэрайя Кэри жолдошу экөө буга чейин канча аракет кылышса да, балалуу боло албай жүрүшкөн. Эми минтип кош бойлуу. “Учурда төрт айлык боюмда бар. Бизге уулбу, кызбы, айырмасы жок. Эң негизгиси, ден соолугу чың болсо деп тилейбиз”- дейт кубанычы коюнуна батпаган ырчы.