Акыркы күндөрү стилист Сергей Зверев менен кесиптеши Ирина Билык экөө Киевде “Жылдыз+жылдыз” көрсөтүүсүн алып барып жатышкан. Шоунун акыркы бөлүмүн тартып жатышканда кесиптештердин ортосун кара мышык аралап кетти. Тартылуу учурунда Ирина Сергейге анча көңүл бурбай койгонбу, айтор, стилист мырза ага таарынып, ыйлаган боюнча үйүнө баса берген. Ирина Билык да көрсөтүүнү таштап, белгисиз жакка сапар алган.