Өткөн аптада "Гуанчжоу-2010го" даярдык көрүп жаткан бокс боюнча улуттук курама командабыз кезектеги мелдешке катышып келди. Чымкентте өткөн эл аралык мелдеште команданын 3 өкүлү айырмаланды. Алсак, 49 килограмм салмакта мушкер Асылбек Назаралиев чемпиондукту жеңип алды. Ошондой эле Өмүрбек Малабеков (56) 2-орунду ээлесе, Сергей Паренко (91) коло медаль тагынып кайтты. Мелдешке күчтүү бокс мектебине ээ болгон Казакстан менен Орусиянын мушкерлеринин катышуусун эске алганда, бул натыйжаны кубантарлык десек болот.