Ноябрдын биринчи күнүндө Бишкекке Анкарадан өлкөбүздүн студент-спортчуларынан түзүлгөн курама команда учуп келди. Команданы «Түрк дүйнөсү» деп аталган түрк элдеринин Олимпиадасына КРнын Студенттик спорт федерациясынын президенти Шаршен Касенов жетектеп барган.
Бул эл аралык мелдеш түрк элдеринин достугун бекемдөө максатында быйыл биринчи ирет уюштурулуп отурат. Натыйжаларга токтолсок, командабыз жеңип алган 14 медалдын экөө алтын болду. 1 алтынды 84 килограмм салмакта грек-рим күрөшчүбүз Азат Бейшебеков тагынса, экинчисине баскетболчуларыбыз ээ болушкан. Аталган мелдеш тууралуу толук маалыматты эмки сандан окуй аласыздар.