Бизге бир окурман: “Тата Улан үйлөндү. Аялын Кеминге, таятасыныкына алып барды”,- деп телефон чалган эле. Биз дароо ырчыга байланышка чыгып: “Куш боо бек болсун! Анан үй-бүлөлүк жашоо кандай?”- десек, баары жакшы экенин айтты.
Бирок рэпердин аялынын да жүзүн көрө албайт экенбиз. "Аялы да бет капчан го..." деп ойлоп калбаңыз. Улан "эл өңүмдү эмес, ырларымды таанысын" деп бет кап ойлоп таппады беле. Анын сыңарындай, ырчынын "күйөрмандарым менин жүзүмдү жана аялымды эмес, чыгармаларымды гана таанысын" деген мыйзамы күч болууда.