Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата салтанаттуу жыйын 2-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөрүлдү. Бул аземде эмгеги элге сиңген инсандарыбызга Роза Отунбаева өзү сыйлык тапшырды.
Актёрлор Чоро Думанаевге, Деңизбек Чалапиновго, филармониянын солисттери Нурак Абдырахмановго, Нуржамал Табалдиевага, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасовага, Мамлекеттик цирктин директорунун орун басары Кадырбек Тажиевге Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген наамдар ыйгарылды. Андан сырткары бир нече маданият ишмерлери да атайын сыйлыктар менен сыйланышты.