1-ноябрдан 2-ноябрга оогон түнү саат бирлерде милиция кызматкерлерин майрамы менен куттуктап келе жатышкан Омар менен Арсен жол кырсыгына кабылышты. Кырсык тууралуу Омар мындайча баяндайт: “Милиция кызматкерлерин куттуктап коюп, Арсен, мен жана менеджерибиз Миргүл болуп түнкү саат бирлерде менин машинамда келатканбыз. Манас-Токтогул көчөсүнүн кесилишине келгенде, күтүлбөгөн жерден каршыбызда келаткан машина биздин тилкеге чыгып, сүзүп алды. Машина милиция кызматкерлериники экен. Алар жакшы эле "майрамдап" алышыптыр. Башында эркекче сүйлөшкөндөй болгонбуз. Бирок МАИ кызматкерлери рулдагы мас айдоочуну алгач кетирип жиберишип, кийин өздөрү да машинасынын номерин чыгарып алып, из суутушту. Сөзгө келбей, чинине таянып одоно мамиле кылгандары аябай ызалантат.
Учурда Миргүл көзүнө операция жасатып ооруканада. Арсен экөөбүз да жаракат алганыбызга карабастан, мурун макулдашып койгонубузга байланыштуу гастролдо жүрөбүз. Жакында эле алган Мерседес үлгүсүндөгү машинам да жарактан чыгып калды. Кудай сактап, биз аман калдык".
Биз да алардын эртерээк сакайып кетишине тилектешпиз.