“ДЕЛЬ МАР” тобу
Азат – 19 жашта. Бишкекте төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары фитнеске кызыгат. Учурда Кыргыз Улуттук консерваториясынын 2-курсунда сырттан окуйт.
– Азат, маекти тобуңардын эмне үчүн “Дэль Мар” деп аталып калышынан баштасак.
– “Дэль Мар” бул испан тилинен которулганда “көлдүн жээги” дегенди билдирет. Ролан экөөбүз бир жарым жыл мурун Сардар менен көлдүн жээгинен таанышканбыз. Ошондон улам топтун атын ушундай коюп алганбыз. Топ түзүлө электе Ролан экөөбүз шаардагы ресторандардын биринде ырдачубуз. Ал эми Сардар менен таанышкандан кийин чогуу иштөөнү чечкенбиз. Топту түзүп жатканда Нурлан Мамакеевди продюсер кылып тандап алганбыз.
– Силерди көпчүлүккө тааныткан “Принцесса” аттуу ырыңардын автору ким?
– Сөзү да, обону да аранжировкасы да меники. Бул ыр менин жүрөгүмдү багындырган кызга арналган.
– Музыкага болгон кызыгууң канча жашыңда ойгонгон?
– Кичине кезимдеги музыкага кызыгуумдан улам музыкалык мектепке кирип, аны бүткөм. Ал эми аранжировка жасоого шоу-бизнеске аралашкандан баштап кызыга баштагам. Учурда ырларыбыздын аранжировкасын өзүм жасайм.
– Топ менен кайда барып эс аласыңар?
– Аптасына бир жолу тоого чыгып эс алып, энергия алып келебиз.
Ролан – 19 жашта. Бишкекте төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары бокс менен машыгат. Учурда Кыргыз Улуттук консерваториясынын 2-курсунда окуйт.
– Ролан, кыргызча ырдабаганыңардын себебин кандайча түшүндүрөсүң?– Биз шаарда орустар чөйрөсүндө өсүп калганыбызга байланыштуу орус тилине көбүрөөк басым жасап калганбыз. Бирок, учурда жаздырып жаткан ырларыбыздын баары кыргызча. Себеби, аңдап көрсөк, өз эне тилибизде ырдабай коюу туура эмес экен.
– Топко солист алабыз деген оюңар барбы?
– Андай ой жок. Себеби, солистке азыр муктаж эмеспиз. Үчөөбүз толук жетишип жатабыз.
– Башка топтордон кандай өзгөчөлүгүңөр бар деп ойлойсуң?
– Биз өзгөчөбүз деп айтуудан алысмын. Бирок, эч кимди туурабай оригиналдуу болуп, ар бир сахнага чыкканыбызда жаңы нерселерди жаратып, күйөрмандарыбыз бизден күткөндөй чыгармаларды тартуулоого аракет кылабыз.
– Сен көбүнчө саксофондо ойнойсуң. Бул аспапта ойноону кайдан үйрөнгөнсүң?
– Оштон музыкалык мектептин саксофон бөлүмүн бүтүргөм. Бул аспап менин жан-дүйнөмдү толук түшүнгөн эң жакын сырдашым.
– Сени көптөр улуту башка деп келишет...
– Ооба, мени көптөр ошентип ойлошот. Бирок, мен толук кандуу кыргызмын жана бул сөздү сыймыктануу менен айтам.
Сардар – 21 жашта. Токмокто төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары сууда сүзүүгө кызыгат. Учурда Улуттук консерваториянын 4-курсунда окуйт.
– Сардар, топ менен алгачкы чоң сахнага чыкканың эсиңдеби?
– Алгачкы сахна менин гана эмес, ар кимибиздин эсибизде. Биринчи жолу сахнага былтыр революцияга кырк күн болгондо орус эстрада жылдыздары Иракли, Дима Биландар келгенде “Принцесса” деген ырыбыз менен чыкканбыз. Ошондо эл бизди орус жылдыздарындай эле кабыл алышкандары ушул күнгө чейин эсимде.
– Силердин оригиналдуу экениңерге көз арткандар болсо керек?
– Андайлар бар. Жакында Казакстандан чогуу иштешүү сунушу болгон. Биз алгач макул болуп, алардын келишими менен таанышкан элек. Бардык шарттары жагып, келишимдин акыркы пунктундагы “кыргызча ырдабай жалаң казакча ырдайсыңар” дегендиктен, көп акчасына да карабай баш тарттык.
– Жакын арада үчөөңөрдүн кимиңерде үйлөнүү жөнүндө ой бар?
– Эч кимибизде. Себеби, биздин продюсерибиз менен түзгөн келишимде 5 жылга чейин үйлөнбөө жагы камтылган
– Ошентсе да сени көптөр үйбүлөлүү деп келишет?
– Расмий түрдө үйлөнө элекмин. Ошондуктан, учурда бойдокмун.
Маектешкен Жаркынай Нусубалиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.