Шайлоодон кийин үн-сөзү байкалбай кеткен Алмазбек Атамбаев фракция түзүү менен алга озуп чыкты. КСДП фракциясы толук курамында иштөөгө даяр. “Өткөн шайлоо эл үчүн сабак болду, жыйынтыкты көрүшкөндөн кийин алардын ар бир добушу маанилүү экендигин түшүндү”,- дейт Алмазбек мырза. Андан сырткары өкмөттүк коалиция түзүү үчүн башка партиялар менен шериктеш болууга даяр экендигин жарыялады. “КСДП үчүнчү партия иретинде “Ата Мекенди” көргүсү келет, бирок сүйлөшүү учурунда каршылыктар келип чыкты. Азырынча аны чече элекпиз”,- деди КСДПнын лидери.
Айта кетчү жагдай, маалымат талаасында Алмазбек Атамбаевдин көзүн тазалоо жөнүндө кезектеги имиштер дагы таркады. Мурункудай аны өзү айтып чыкпаса дагы, премьер-министрлик орун үчүн талаштан улам бул сөздөр жаралууда.