Шайлоодо жеңишке жетпей калган 20га чукул партия Жалпы улуттук конгресс түзгөндүгүн айтканбыз. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын жана сотко кайрылышарын билдиришти. Конгресстин уюштуруучуларынын бири “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов “ЖКнын жаңы депутаттары бири-бири менен тил табыша алышпайт. Андыктан келерки жылы кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүлөт” деген ишенимде.
Бул конгресске Урмат Барыктабасовдун “Мекен Туу” партиясы киргендиги да айтылды.