ӨКМӨТ БАШЧЫЛЫК КИМГЕ БУЮРАТ?

Беш партиядан турган Жогорку Кеңештин 5-чакырылышы 5-ноябрда алгачкы жыйынга чогулушу ыктымалдыгын президент Роза Отунбаева билдирди. Учурда көшөгө артындагы соодалашуу күчүндө. Орусия Ф.Куловду премьер катары көргүсү келсе, биздин ажо Ө.Бабановду жана партиялашы А.Атамбаевди жактап жаткан имиш.
Ал эми 120 депутатты башкарган төрагалык орунга Өмүрбек Текебаевден өткөн татыктуу адам жоктугун айтышууда. Анткени ал башка лидерлерге салыштырмалуу Жогорку Кеңеште иштеген тажрыйбасы мол жана спикерлик вазыйпаны да аткарып, ой-кырын түшүнүп бүткөн. Бирок шайлоодо 1-орунга чыккан “Ата Журт” партиясы да четте калбасы анык. Бул партиянын өкүлдөрү “соодалашуу базарында” эмнегедир байкалбайт.
Кантсе да парламенттик республикага айланып калбадыкпы. Андыктан бийликти кочуштап кармай турган өкмөт башчы жана төрагалык орундар дагы далай талашка түшөрү анык.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
kom
2010-11-05 19:38:50
А эмнеге Ата-Журт партиясынан жок...Сүрөтү демекчимин. Баягы эле Атамбаев, Бабанов, Кулов...Ата-Журттун өкүлдөрүнүн бирөөсүнүн да сүрөтүн кошуп койсоңор болбойт беле?!
0
Адам
2010-11-05 20:36:20
Ата-Мекенди кыйыгынан барыбир мактап коюпсуңар го)))
0
Papinadochka
2010-11-07 20:10:24
Ташиевдин суроту жок экенго жамандаганда табасынарго ата мекенди мактагыла даы!!!!!!!!!
0
antislav
2010-11-08 16:36:00
Тиги орусту койбой эле койсонор болмок.
0
arlekino
2010-11-09 11:18:11
бироо да татыктуу эмес......
негизи аты-жыты чыга элек бир башка патриот эле келсе болот эле ушу мордаларга 20жыл тойдук деги
0
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан