102 билдирет
ЭКИ КУРСАНТ КАЗА БОЛДУ
2010-жылдын 5-ноябрь күнү Коргоо министрлигине караштуу “Ала-Тоо” аскердик полигонунда Аскердик окуу жайдын курсанттары ок атып машыгып жаткан кезде кырсык болгон. Окутуучу чоң калибрлүү Утёс пулемётунун иштешин көрсөтүп жаткан кезде белгисиз себептен улам пулемёттун оозу капталда турган курсанттар тарапка бурулуп кеткен. Натыйжада 4 курсантка ок жаңылып, экөөсү каза тапкан. Аман калган экөө азыркы кезде аскердик ооруканада дарыланып жатышат.
Эске салсак, алар 1-курстун гана курсанттары эле. Бул кырсык боюнча окутуучу А.Булановдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
ЖОЛ КЫРСЫГЫ 3 ӨМҮРДҮ АЛЫП КЕТТИ
Кочкор районуна караштуу Кочкор-Чаек автожолунда N9348A мамлекеттик номурлуу ГАЗ-3307 үлгүсүндөгү унаа менен S8035U мамлекеттик номурлуу Мерседес Бенц -210Д үлгүсүндөгү унаа кагышып, өрт чыккан. Өрттөн улам Мерседес унаасы толугу менен, ал эми ГАЗ 3307 унаасынын кабинасы күйүп кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза таап, 7 адам ар түрдүү жаракаттарга дуушар болушкан. Кагылышууга жолго чыга калган жылкы себеп болгон.
АПРЕЛЬ ОКУЯЛАРЫ БОЮНЧА СОТ 15-НОЯБРДА БАШТАЛАТ
Кыргызстандын тарыхында "7-апрель" деген ат менен калган кандуу окуя боюнча сот иши 15-ноябрда башталмай болду. Жогорку соттун билдирүүсүнө караганда, ишти Бишкек гарнизонунун Аскердик соту карайт.
Сот иши боюнча 28 адам айыпталууда. Алардын 6сы эл аралык издөөдө болсо, 22си өлкө ичинде. Кээ бири камакта кармалып жатса, кээ бири үй камагында. Айыпталуучулар экс-президент Курманбек Бакиев баш болгон мурдагы аткаминерлер.
ЭНЕСИ МЕНЕН КЫЗЫН АТЫП КЕТИШТИ
8-ноябрдын түнүндө Сузак районунун Сузак айылында жайгашкан Дзержинский көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринде энеси менен кызын атып кетишкен. Атылган октор 43 жаштагы Р.Сатыбалдиеванын ичине жана 12 жаштагы Г.Сатыбалдиеванын башына тийген. Ооруканага бараткан жолдо Р.Сатыбалдиева каза болуп, кызы аман калган. Окуя болуп өткөн жерде Макаров тапанчасынын 7 гильзасы жана 3 огу табылган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
101 билдирет
ШИРЕҢКЕ МЕНЕН ОЙНООДОН ӨРТ ЧЫГЫП...
ҮЙҮ ЖОК КАЛДЫ
9-ноябрь күнү Балыкчы шаарынын Логово көчөсүнүн 17-үйүнүн чатыры өрттөнүп кеткен. Анын айынан үй ичиндеги эмеректер жана буюмдар өрттөнгөн. Өрткө электр жабдыктарын куроодо эреженин сакталбаганы себепкер болгон.