Жакында курбулар Роза Шакирова менен Фарида Карбозова борбордогу Шопоков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен Фариданын машинасына май куялы деп жатканда Лексус үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн. Чынында, жол Лексустуку экен. Жыйынтыгында Фарида Лексустун оңдоп-түзөө иштерин өз моюнуна алууга аргасыз болгон. Ал эми өзүнүн тулпарын 22 000 сомго оңдоп-түзөтүп жатат.
“Кырсык жалгыз келбейт” дегендей, бул окуядан үч күн өткөндө Розаны үйүнүн жанында эле тоноп кетишиптир. Курбусу экөө кечки саат тогуздарда жаңы эле үйдөн чыгып унаа токтотуучу жайга бара жатканда эки жигит экөөнү эки жакка сүйрөп, сумкаларын тартып алышкан. Окуя болгондон кийин Октябрь РИИБине барып арыз жазууга үлгүрүшкөн. Ошол учурда ырчы өз телефонуна чалып, “акчамды, телефонумду алсаң ал, дисктеримди бер” деген. Анда тоногон адам уялбай туруп “эй, Роза Шакирова, дисктериңди эчак эле ыргытып жибергенбиз” деп жооп кайтарган экен, шумдугуң кур.
Азырынча бул каракчылар кармала элек.