“Рыскан” студиясы тарабынан тартылган "Жараланган турналар" тасмасы буга чейин Мамлекеттик тарых музейинин кино залында 40 күн көрсөтүлгөн эле. Эми элдин суроосу боюнча кайрадан аталган музейде 10-ноябрдан 20-декабрга чейин элге тартууланмакчы. Сүйүү сезимдерине жык толгон тасма эч кимди кайдигер калтырбайт деп ойлойбуз. Баса, эң башкысы, тасмадан түшкөн каражат 7-апрелде шейит кеткендердин жакын туугандарына бөлүнүп берилет.