СЫЙЛЫГЫҢАР КУТ БОЛСУН, ЖАШТАР!

10-ноябрь – Жаштар күнүнө Жаштар министрлиги өзгөчө белек даярдады. Тактап айтканда, Улуттук филармонияда Чыңгыз Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгы өкмөт тарабынан тапшырылды. Салтанаттын ачылышында Мамлекеттик гимн ойнолуп, Жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкуловдун жалындуу сөздөрү айтылды.
230 эмгектин арасында 11 наам боюнча 9 лауреат, 22 дипломант тандалып алынган. Лауреаттарга наам менен кошо 40 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилип, дипломанттар диплом менен сыйланышты. Эмесе, сыйлыкка ээ болгондордун ысымдарын атай кетели.
Жаштар сыйлыгынын лауреаты деген наамга спорт жаатында жетишкендиктери үчүн Руслан Түмөнбаев, театр искусствосунун чебери катары Аскат Сулайманов, телекөрсөтүү жаатында жакшы эмгектерди жаратканы үчүн Шайырбек Абдрахманов ээ болушту. Ал эми аткаруу чеберчилиги үчүн Мирбек Атабеков, мыкты актёрлук чеберчилиги менен Асема Токтобекова, адабиятка кошкон салымы үчүн Алтынбек Исмаилов, Мирлан Самыйкожо диплом менен сыйланышты. Кеченин аягын көңүлдүү концерт көркүнө чыгарды. Наамга ээ болгондорду кызуу куттуктап, бул сыйлык ийгиликтин башаты гана болсун демекчибиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 419, 12-18-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан