16-ноябрь – Курман айт күнү деп жарыяланып, 15-ноябрдагы иш күнү 13-ноябрга жылдырылды. Ошентип, жекшемби күндү кошкондо үч күн катары менен дем алабыз.
Курман айт майрамына карата 17-21-ноябрь аралыгында 4 күн бою Кытай менен болгон чек ара убактылуу жабылат.
Оштун борбордук базары Манас-Ата кичирайонуна көчүрүлөт. Ал үчүн 14 гектар жер бөлүндү.
Буга чейинки Ош шаарынын жайма базар каптаган Ак-Буура дарыясынын жээктеринде эмдиги жылы гүлбактар ачылат.
Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы пара алып жаткан жеринен кармалды.
Күйүүчү май акыркы он айда 31 пайызга кымбаттады.
Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өмүр бою темир тор артына камоо өкүмүн аппеляциялык сот дагы өзгөртүүсүз калтырды.
Кыргызстанда 15-21-ноябрь күндөрүндө Ишкердик аптасы өткөрүлөт.
Жогорку Кеңеште фракциялардын жетекчилери кимдер болору айтылды. “Ата Журт” фракциясынын лидери Ахматбек Келдибеков болсо, калган 4 фракция жетекчилигине партия лидерлери калтырылды.
Апрель окуясы боюнча сот иши кайрадан артка жылдырылып, 17-ноябрга белгиленди.
Кыргызстанда жыл сайын баары биригип 26 миллион доллар баадагы нефть, газ жана көмүр өндүрүлөт.
Эгерде 2015-жылга чейин санариптик көрсөтүүгө өтпөсө, анда Кыргызстан толугу менен телекөрсөтүүдөн кур жалак калат.
275 даана жасалма паспорт алып жүргөн Кыргызстандын жараны Түркияга учуп бара жаткан жеринен кармалды.
Улутташтырылган объектилердин саны дагы 6га көбөйдү. Алар: Жалал-Абад шаарынан орун алган Акмат Бакиевдин мекемелери, Бишкектеги “Спартак” стадионунун чакан аренасы жана Спорт Ордосундагы курулуштар.
Ошто июнь окуясында эң көп жабыркаган Черёмушка району боюнча алгачкы соттук уктуруу болуп өттү.
Кара-Суу районундагы Шарк айылынан чекисттер бир жарым айдын ичинде 5-жолу жашырылган курал-жарак таап чыгышты.
Жаратылыш ресурстардын министри Кайрат Жумалиев алтын чыгаруучу “Жер-Үй” кенин иштетүүгө «Визор Холдинг» компаниясына берилген лицензияны жокко чыгарууну өкмөткө сунуштады.
Эл аралык издөөдө жүргөн “Манас” аэропортунун экс-президенти, Үсөн Сыдыковдун уулу Бакыт Сыдыков Бишкекке келди.
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп Улукбек Чыналиев дайындалды.
Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө башталды.
Президент Роза Отунбаева Транзиттик жүк ташуучу борборго күйүүчү май ташуу үчүн келишим түзгөн «Мина Корп» компаниясына каршылыгын билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.