ЖКнын креслосунда чалкалап отуруу үчүн айыгышкан күрөш болсо, депутаттык мандат алуу көрктүү жана жылуу өттү. Парламентке өткөн партиялардын ичинде буга чейин кырды-бычак учурлар да болуптур. “Ата Журт” партиясынын 8-катарындагы Жылдыз Жолдошева “өз эркиң менен арыз жазып мандаттан баш тартасың, сенин ордуңа башкалар келет” деп партияда күчкө салып жатышканын айтты.
Бирок мандаттан баш тартуу боюнча “Республика” алдына эч кимди салбады. Алдыңкы тизмедеги 6 талапкер ордун кийинки катардагылар үчүн бошотуп беришти. Анын ичинде белгилүү режиссёр Актан Арым Кубат дагы бар. Андан сырткары аталган партиянын 27 мүчөсү тизмеден чыгышкан.