Дүйнөнүн кадыр-барктуу журналдарынын бири “Glamour” Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеваны “Жылдын айымы” деген тизмесине кийирди. Ошентип, биздин ажо дүйнөдөгү өлкө жетектеген 18 айымдын катарын толуктады. Аны менен чогуу тизмеде Германиянын канцлери, Аргентина, Либерия, Коста Риканын президенттери, Словакия, Бангладеш жана Австралиянын өкмөт башчылары жана башкалар бар.
Журнал бул лидер айымдарды “дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдар” деп атаган. Айтмакчы, АКШнын мурунку мамкатчысы Кондолиза Райс 2008-жылы бул белгилүү тизменин катарына кирген.