Камчыбек Ташиев менен Динара Исаеванын ортосунда чыр чыгыптыр. Камчыке Динара айымды тизмеден чыгара албай убара дейт. Анткени Динара айым өзүнө бөлүнгөн аймактан тиешелүү добуш топтой албаган экен. Анын мурунку “ак жолчу”, экс-премьер Данияр Үсөновдун жубайы экендигин билебиз да.
Камчыбек мырза ЖКнын “чоң майрамына” Динара айымдан улам барбаганын жарыялады. Анын айтымында, Исаева бакиевчилерди каржылап, өз тарабына тартуу аракетин жасап жүрөт. “Бригадачы”, “карт бөрү” атыккан саясатчылардын бир айымга алы жетпегендери да көз жаздымда калбайт. Бул тирешүүнүн аягы эмне менен бүтөт болду экен? Камчыбек мырза битке өчөшүп, көйнөгүн өрттөп албаса болгону.