БИШКЕКТЕГИ ИЛДЕТ ОШКО ЖЕТТИ

Өткөн аптада Оштун мэри Мелис Мырзакматов кайра кызматына киришкен. Көпкө жоголуп кеткенин ал “эс алууга чыгууга бирөөлөр мажбурлады” деп түшүндүрдү. Ошентип, шаар башчысы кызматына чыгып-чыкпай жатып, Ошто массалык жер басып алуу башталып кетти.
7-ноябрда миңге чукул атчан кыргыздар Ош шаарынын тегерегиндеги Ишкеван жана Кызыл-Кыштак айылдарынын айдоо талааларын басып алууга аракет жасашты. Жердин көпчүлүк бөлүгү өзбек улутундагы дыйкандарга таандык. Басып алуучулардын катарында Ош коогалаңында үйү өрттөнүп, көчөдө калгандар жана көп жылдан бери Ош жана Кара-Суу шаарларында жашап, ушул күнгө чейин үй сатып алалбагандар бар.
Алар менен Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков жолугуп, бирөөнүн үлүш жерин тартып алуу мүмкүн эмесин түшүндүрүүгө аракет кылды. Жыйынтыгында бул жер басып алуу боюнча Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгондугу белгилүү болду.
Маалымат үчүн: 1991-жылы Ош окуясынын келип чыгышына жер чатагы себеп болгон. Ал учурда дагы Ош шаарынын тегерегиндеги айдоо аянттары кыргыз менен өзбектердин ортосунда талашка түшкөн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 419, 12-18-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан