Аптанын жаңылыгы
Президент Роза Отунбаева КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевге Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясын түзүүнү буюрду. Эгерде КСДП фракциясынын аракети ишке ашпаса, анда ажо ушундай эле тапшырманы “Ата Мекен” партиясына бермекчи. Коалициянын курамы аныкталгандан кийин депутаттар төрага менен өкмөттү түзүүгө киришишет.
Өмүрбек Текебаевдин айтымында, өкмөттү түзүүгө КСДПнын тарыхый укугу бар. “Бүгүнтөн расмий түрдө сүйлөшүү процесси башталды”,- дейт ал. Ал эми Мыктыбек Абдылдаев “Ата Журт” фракциясы Алмазбек Атамбаев менен иштешүүгө даяр экендигин билдирген.
Өлкө башчысы Роза Отунбаева депутаттардын ант берүү салтанатында 27-ноябрга чейин өкмөттү түзүүгө чакырды. Ошол учурда өкмөттү куроодо 5 гана партиянын өкүлдөрү менен чектелбөөнү сунуштады.
Баш мыйзамга ылайык, эгерде шайлоонун жыйынтыгы боюнча бир дагы партия ЖКнын жарымынан көп орунун ээлебесе, анда президент фракциялардын бирине коалиция түзүү сунушун берет. Алар 15 күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүп, өкмөт башчынын кызматына талапкерлерди көрсөтүшөт.