БӨТӨЛКӨГӨ БАЙЛАНГАН ТАГДЫРЛАР

Арак менен дос болсоң,
Бар дүйнөңдөн айрылып,
Көрүнгөн итке таланып,
Каласың байкуш аталып.
Бөтөлкөгө байланган тагдырлар

«ЖКНЫН ДЕПУТАТЫ БОЛБОЙ КАЛДЫМ ДЕП КАТУУ ИЧИП...»
Редакциядан чыкканда эле тааныш журналист агайга туш болдум. Аркы-беркини сүйлөшө кетип, эмне максатта көчө кезип жүргөнүмдү уккан соң каткырып: "Мен деле өз убагында катуу ичкем",- деди. Нурслан агайдын мындай тагдырынан кабарым жок экен. Такып сурап калдым:
– Ичкиликке берилип кеткен адамга окшобойсуз го...
– Арактан көзү ачылбаган ичкичтер жүрүшпөйбү. Ошолордой болуп бир убакта катуу ичип кеткем.
– Азыр күлүү менен эскерип жатканыңызга караганда андай жагымсыз илдеттен арылган көрүнөсүз. Эмнеден улам ичип кеттиңиз эле?
– Өмүрүмдүн көп бөлүгү телевидениеде өттү. 1990-жылы Талас телевидениесин уюштургандардын арасында мен да бар элем. Башкы редактор болуп тогуз жыл, төрага болуп сегиз жыл иштедим. Анан 2005-жылы №54-Талас шайлоо округуна ЖКга депутаттыкка талапкерлигимди койдум. Мына, балээнин баары ушундан башталды. Бирөөдөн карыздап алган 30 миң сомумду көтөрүп алып БШКга катталууга бардым. Мен буга чейин "демократия бар" деп ойлочумун. Кайдагы демократия?! Көрсө, баарыбир адамдар акчанын кулу экен.
Ошол кезде акчалуу талапкерлер машиналары менен жүрүшсө, мен автобус менен эки баламды салып алып шайлоочуларды кыдырчумун. Болжошкон чогулуштарга жетишпей да калчумун. Баарыбир өтпөсүмдү билип, ичим өрттөнүп, улам ичип алам. Анан өзүм арыз жаза электе мени талапкерлердин тизмесинен чийип салышыптыр. Ошондо катуу ичип кеттим. Ага чейин деле иччүмүн. Бирок, эл катары.
– Жубайыңызды, бала-чакаңызды да өзүңүзгө кошуп кыйнасаңыз керек...є
– Албетте, мастын иши мас да. Ар кандай ызы-чуулар болот. Бала-чакам менин кыйкырыгымдан коркушат. Көбүнчө унчукпай кутулуп кетишет. Жубайым мугалим болгондуктанбы, айтор, түшүнүктүү. Депутат болбой калганыма арданып, көз ачпай ичип жүрүп, ошондо бүлөм­дү катуу кыйнадым. Азыр төрт неберем бар. Балдар ордуларын табышкан. Өзүм болсом гезиттерге макала даярдап берип жүрөм. Кудайга шүгүр, ал акмакчылыгым өтүп кетти. Бөтөлкө адамды опоңой гана курутуп коёорун жон терим менен сездим. Эми аны жүз метр ары жактан айланып өтө турган болдум.

"АПАМ МЕНЕН БАЛДАРЫМ ӨРТТӨНҮП КЕТИШКЕН"
Кийинки сапарымда Чыгыш-5 кичирайону тарапка багыт алдым. Кызыл күркөнүн жанында колдорун калчылдатып, стаканды кошо шимип ийчүдөй болгон орус аял туруптур. Түз эле ага кайрылдым.
– Дагы ичесизби?
– Эмне?
– Сиз менен сүйлөшкүм келгенинен улам сыйлап коёюн деп жатам.
– Чын элеби? Кудайга тобо-о! Ушул заманда да сендей жакшы адамдар бар экен, ээ?
– Ооба, жүрүңүз, четке чыгып отуралы,- деп жол жээгине отура кеттим.
– Тааныш болуп алалы. Мени Катя дей бериңиз.
– Наталья.
– Канча жылдан бери ичесиз?
– Отуз эки жашымдан бери.
– Ошончо убакыттан бери такай ичип жүрөсүзбү?
– Жакындарым болсо ойлонмокмун да. Өзүбүз Кавказдан болобуз. Атам аскер кызматындагы адам болчу. Анын кызматына жараша бул жерге келип калганбыз. Мен да бул жерден турмушка чыктым. Эки балалуу болдум. Анан жумуш боюнча жолдошум экөөбүз балдарымды менин апама таштап, Орусияга кеттик. Башында апам, балдарым менен байланышып турчумун. Кийинчерээк кабар албай калып, анан кайтып келсек, квартирабыз эбак сатылып кетиптир. Балдарымдын да дайыны жок. Эки ай издеп жүрүп аларды интернаттан таптым. Апам 7-кичирайондогу квартирабызды кичинекей жер үйгө алмаштырып жиберип, өзү болсо аракка берилип кетиптир. Ушунун айынан күйөөм мени таштап кетти. Балдарымды алып, ошол кенедей жер кепеде жашап калдык. Бир күнү катуу жаандан улам үйдүн чатыры кулап түштү. Эптеп тырмалап жатып жаап алган элем. Жардам берчү эч ким жок. Балдарым жаш эле.
Бир ирет курбумдукуна жумуштап кетип, бир күн кармалып калдым. Келсем үй эле эмес, балдарым да, апам да жок. Көрсө, апам ичип алып, плитанын үстүнө сүлгүнү таштап уктап калыптыр. Мас неме алоолонгон өрттү сезбей калган экен. Ошентип, үй менен кошо апам, балдарым күйүп кетишиптир. Ошол күндөн бери мен да ичип кеттим. Эми сыйлабайсыңбы мени?
– Анда мен бара берейин. Мобул тыйынга арактан көрө азык алып, тамак жасап ичиңиз.
– Ай, кой, андай болбойт. Жүз граммдашалы. Менде закускага бадыраң бар.
Чапкенедей жабышкан маектешиме ичимден боор ооруп, чакырыгына көнбөй коштошуп алып жөнөп кеттим.

«ИЧКЕНИМ ҮЧҮН КЫЗЫМ ҮЙГӨ КИРГИЗБЕЙТ»
Эми "Аламүдүн" базарын көздөй багыт алдым. Жол жээгинде соода кылган аялдар урушуп жатышыптыр. Алардын жанында ааламды өрт алса да кебелип койбостой дүйнө капар кыңылдап ырдап, цементтин үстүндө бир аял отурат. Кирдеп, кесилип кеткен колуна чычайтып тамекини кармап алган. Мен келип жанына отурсам, оңурая "эмне келди?" дегенсип карап койгону менен кыңылдаганын токтотподу.
– Эже, сызда эмнеге отурасыз?
– Эмне, отургузбайсыңбы же бирдеме ичкиң келип жатабы? Хотя, ичкендерге окшошпойсуң го. Мени бул жерде "Бөтөлкө рэкет" деп атап коюшат. Бирок, сен Айгүл де.
– Айгүл эже, ичип алып үйүңүзгө кантип барасыз?
– Менин үйүм мына ушул жер. Бирок, угуп ал, менин заңгыраган үйүм да бар. Ал жерде апам менен кызым жашайт. Мени бул түрүм менен эшик аттатышпайт. Акча таап алып таза барсам, ошондо кирем. Бирок, он күндөп камап коюшат. Чыдабай кеткенде качып кетем.
– Анан эмне кылып жан сактап жатасыз?
– Базардын бул дарбазадан берки жагы – менин аймагым. Бөтөлкө чогултуп, анан өткөзөм.
– Ары жактагы бөтөлкөлөр кимдики?
– Закир чалдыкы. Тигине, ал эрте эле тоюп алып узунунан жатпайбы. Биз тигил аялдардай болуп ызылдашпай эле бөлүшүп алабыз (жанагы аядарды көздөй кол жаңсап койду). Дарбазанын бери жагына ташталган бөтөлкөлөрдүн баары меники. Аларды чогултуп туруп өткөзөм. Бирок, менин тапканым тамакка жетпейт. Анткени, баары кымбат. Жүз грамм ичип алып, ачка экенимди билбей жүрө берем.
– Арак ичүүгө кантип азгырылып кеттиңиз эле?
– Мектепти бүтүргөндөн кийин "арыктайм" деп тамеки чеге баштагам. Сыягы, ошондо эле бузула баштаган окшойм. Анан окууга өтпөй калып, Кызыласкердеги бир дүкөнгө сатуучу болуп калдым. Ал жерден жалаң арак сатчумун. Кирип-чыккан тааныштарым менен жүз граммдан ичип койчумун. Ошентип отуруп иштеген жеримден да айдалдым.
– Андан ары эмне болду?
– Айылга кетип, турмушка чыктым. Бирок, бир кыздуу болгон соң жолдошум экөөбүз ажырашып кеттик. Анан Казакстанга барып талааларда иштеп келдим. "Окшошконго мушташкан" болуп, атам каза болуп калды. Апам, кызым болуп бул жакка келип оокат кылалы дедик. Айылдагы үйдү сатып, Канттан үй алып көчүп келдик. Турмуш-тиричилигибизди тыңдаганда кайрадан бул жерден ичкиликке бериле баштадым. Өзүмдүн апам менен кызым мени кубалап чыгышты. Мына, ошондон баштап аларды да, үйүмдү да ойлобойм.
– Ичкиликти таштоого аракет кылып көрдүңүз беле?
– Айттым го, эгер үйгө барганда апамдар киргизсе, анда бир жума, ашып кетсе он күн чыдайм. Алар ичкилик бербей, үйдөн да чыгарбай камап коюшат. Эй, сен ооруган башымды ого бетер эзип жибердиң. Андан көрө акча берсең боло. Бөтөлкө да бүгүн аз болуп калды.
Чөнтөгүмдү сыйпалап, бир аз тыйынды кармата салып, арак жыттанган аялдын жанынан узап кеттим. Баратып аялдаманын отургучунда узунунан жатып алган Закир чалды көрдүм. Кайран киши трактор тебелеп кетсе да сезбечүдөй уктап жатыптыр.

"ЖАШ КЕЗДЕ ЧАРДАСАМ, ЭМИ МАЙЫПМЫН"
Шаарды кыдырып жүрүп, тээ студент кезде кошуна жашаган, арак ичип күн кечирген Элмира аттуу эженин ал-акыбалын билип коюуну чечтим. Кычыраган кышта далай жолу эшикке жатып калганда "суукка тоңуп калбасын" деп үйүнө көтөрүп кирчүбүз. Кош балдак менен басса да, 24-марттагы мародёрчуларга кошулуп, "Народный" дүкөнүнөн баштык-баштык кылып арак ташып алып бир ай чардап, бизге да тынчтык бербей жүргөнүн эстеп кеттим. Кээде бизге жаш кездеги сүрөттөрүн көтөрүп келип калчу. Кишини ирээнжитээр кебетесин карап, сүрөттөгү сулуу кыздын Элмира эже экенинен күмөн санап кетчүбүз. Бирок, балбылдаган көздөрү качандыр бир кездеги сулуулугунан кабар берип турчу. Эшигин бир топ дүкүлдөтүп, жооп болбогон соң кайра чыгып баратсам, подъездди жаңырта ырдап келе жатыптыр.
– Кандайсыз? Мени тааныдыңызбы?
– Аа, жакшы. Мен масмын. Жумуштап келсең, башка күнү кайрыл.
– Эже, ал-акыбалыңызды билейин деп атайын келдим эле.
– Билбей жүргөн акыбал беле?! Мына, көрүп тургандай...
– Канча жыл кошуна жашап, сиздин эмнеден улам ичип калганыңызды сурабаптырмын.
– Мен убагында сулуу болчумун. Жигиттен жигитти тандачумун. "Жигиттин гүлүмүн" дегендин баары меники болчу. Күндө майрам, күндө той болуп, жаштыгымдын баарын чардап өткөздүм.
Ошондой шаңга толгон күндөрдүн биринде жигитим менен ичип, көңүлүм айланып кеткенинен балконго чыккам. Анан жигитим келип, экөөбүз уруша кеттик. Мен аны чапкылап жатканымды гана билем. Бир жумадан кийин ооруканадан көзүмдү ачыптырмын. Сегизинчи кабаттан кулап кеткенимди кийин билдим. Баягы жигитим дайынсыз жоголуптур. Ошентип, сулуу өңүм бузулуп, эки бутумдан майып болуп калдым.
Өткөнү эсине түшкөн кошунам бакырып ыйлап кирди. Эбак бүтүп кеткен жараттын оозун тырмап алганыма жаным кейип отуруп калдым. Мен дайыма ичип жүрсө эле "жашынан аягы жай таппаган жан" деп ойлогон экенмин. Эзелкини эстеткеним үчүн эжеден кечирим сурай баштадым. "Кечирим сурабай эле кой. Ансыз деле кээде ал кезди эскерип, минтип бугумду чыгарып алмай адатым бар",- деп көз жашына буулуга мени узатып койду.

"ОШ БАЗАРЫНДА" ООНАП ЖАТКАНДАР
Ал эми "Ош базарындагы" мастардын санын тактоо мүмкүн эместей. Жаш-карысы аралаш. Аялдаманын отургучуна узунунан түшүп эки аял жатып калыптыр. Суроого жооп бермек тургай талтая сунулган буттарын жыйнаганга чамалары жок. Ары-бери өткөндөргө көнүмүш адат эмеспи, көңүл бурган киши жок. Алардын жанында жаш жигит сулап жатат. Базарды бир айланып чыккыча түркүн абалдагы мастарды кезиктирдим. Байкаганым, биринин да жүзүндө кубаныч жок.
Шаар кыдырган бир күндүн ичинде, ошентип, бөтөлкөгө байланган далай тагдырларды билдим. Адам суктанбас мындай тагдырлары үчүн алар турмуштун оорчулугун шылтоо кылышат. Балким, бул эрки бош адамдардын шылтоосудур. Анткени, турмуштун кыйынчылыгына тушуккан ар бир адам эле ичкич болуп кеткени жок да.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 296, 4-10-июль, 2008-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан