ЧОҢ ШААРДАГЫ СЕКС

РежиссёруМайкл Патрик Кинг
Продюсерлери Ричард Кеннер, Кэтрин Энн Басби
Сценарийин жазгандарКендесс Бушнелл, Майкл Патрик Кинг
Башкы ролдордо: Кэрри – Сара Жессика Паркер, Саманта – Ким Кэтролл, Шарлотта – Кристиан Дэвис, Миранда – Синтия Никсон
Ролдордо: Крис Нот, Дэвид Эйденберг, Уилли Гарсон, Кайл МакЛахан, Жон Корбетт, Ивэн Хендлер жана башкалар.

КОЖОЙКЕЛЕР ДА, БИЗНЕСМЕНДЕР ДА КӨРҮҮЧҮ ТАСМА
“Чоң шаардагы секс” фильми – сериалды, андагы окуялардын баарын жыйынтыктоочу фильм. Анын бет ачарын күйөрмандар 4 жыл күтүшкөн. Ал эми тасманын сюжеттик линиясы бүгүнкү күнгө чейин катуу сыр катары сакталып келген.
Сексуалдуу тасманын көңүл борборун төрт курбу: Кэрри Брэдшоу, Миранда Хоббс, Шарлотта Йорк жана Саманта Жонс ээлейт. Отуз жаштагы айымдар жөнүндөгү легендарлуу сериал эми 40тан ашкан айымдар тууралуу көркөм тасмага айланды.
Тасмада баары: сүйүү да, тиричилик да, күлкү да, ый да бар. “Чоң шаардагы секс” сериалы алгач экран бетине чыкканда эле эң жогорку деңгээлдеги телевизиондук долбоор экендигин далилдеген. Мурун «сериалдарды үйдө отурган аялдардан башка эч ким көрбөйт” деп эсептелчү. Бүгүн “Чоң шаардагы секс”, “Абактан качуу”, “Жоголгондор” сыяктуу сериалдар турганда сыналгыны үй кожойкелери гана эмес, бизнесмендер да талашып көрүшөт. Аялдар каармандарга чын дили менен болушушса, эркектер айымдардын ички дүйнөсүнүн сырларын чечүүгө оңой мүмкүнчүлүк алышат.

МАКАЛА, КИТЕП, СЕРИАЛ, ТАСМА...
1997-жылы «New-York Observer» гезитинин “Сандан-санга” рубрикасында “Секс жана шаар” деген эссе жанрындагы макала чыга баштайт. Анын автору журналист Кэндэс Бушнелл чоң шаардагы жашоосунда өз башынан өткөрүп жаткан жөнөкөй, бирок, кызыктуу окуяларды жазчу. “Адегенде гезитке өз атымдан жазчумун,- дейт жазуучу жана журналист Бушнелл,- Бирок, “ата-энем окуп калса эмне болот?” деген ой менен окуяны Кэрри Брэдшоу деген ат менен чыгарууну чечтим”.
Төрт көз карандысыз айымдын Нью-Йорктогу жашоосун сүрөттөгөн “Сандан-санга” рубрикасы гезиттин нускасын бир топ көбөйткөнгө жетишет. Муну байкаган Кэндэс эл арасында популярдуу болгон окуяны китеп кылып чыгарууну ойлойт. Ошентип, 1997-жылдын аягында жөнөкөй кабарчы болуп жүргөн Кэндэс Бушнеллдин алгачкы романы жарык көрөт да, китеп текчелерине коюлаар замат сатылып, жылдын бестселлерине айланат.
Ал эми 1998-жылы аталган китептин негизинде телесериал тартылып, экранга ар бири 12-18 сериядан турган 7 цикл (сезон) чыккан. Бул жолу да авторлордун эмгеги акталып, сериал экран алдына көптөгөн көрүүчүлөрдү топтогон. Тасма тез аранын ичинде Америкада гана эмес, океандын бери жагында да популярдуу долбоорлордун бирине айланган.

«АТАЛЫШЫ БИР ТОП МАСЕЛЕ ЖАРАТКАН»
“Чоң шаардагы секс” жөнөкөй сериалдан жалпы коомдук мааниге ээ көрүнүшкө айланган: көрүү­чүлөр сериалдын каармандарын туурашып, алардын айткандарын өз турмуштарында, жеке жашоолорунда колдоно башташат. Адегенде сериалдын ачыктыгы штаттардын улуу муунун чочуткан. Бирок, кийин “интим темаларында ата-энеси менен ачык сүйлөшө албаган жаштар көчөдөгү достору айтканды кылгандан көрө ушул сериалдан үйрөнгөндөрү жакшы” деген көз караш пайда болгон.
Кэндэс Бушнелл өзү сериалдын алгачкы үч сезонун жакшы эле кабыл алып жаткан. Бирок, 3 жылдан кийин катуу сын менен массалык маалымат каражаттарына кайрылган. “Улам жаңы серия тарткан сайын сценарийдин авторлору менин китебимдеги баштапкы мазмунду өзгөртүп жатышат,- деген ал,- Сериалда ачык эпизоддор өтө эле көбөйүп кетти. Менин китебим аркылуу берейин деген оюм бурмаланып жатат”.
Сериалдын ачык-айрым эпизоддорго толуп турганы китептин автору гана эмес, ага катышкан актрисаларды да кооптондурган. Мисалы, Кристин Дэвис кээбир эротикалык көрүнүштөргө тартылууга туура келгендиктен, ата-энесинен бул сериалды көрбөшүн өтүнгөн.
Ал эми Сара Жессика Паркер чоң энеси анын кайсы тасмага тартылып жатканын сураганда, корк­конунан сериалдын атын да атаган эмес. «Мен жөн гана комедияга тартылып жатам» деп койчумун,- дейт Паркер,- Негизи, сериалдын аталышы биз үчүн бир топ эле маселе жаратты».
Съёмкалар 2007-жылдын 19-сентябрында башталган да, 12-майда тасманын дүйнөлүк бет ачар аземи болуп өткөн.

БАШКААРМАНДАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
Голливуд жылдызы Сара Жессика Паркер 1965-жылы 25-мартта Огайодо (АКШ) туулуп, 7 биртууганы менен ынтымактуу үйбүлөдө тарбияланган. Ал кичинекейинен эле актриса болууну каалачу. Голливуд Сараны тааный электе ал чакан телесериалдарга, жарнамалык роликтерге гана тартылып жүргөн. Чыныгы популярдуулук Сарага “Чоң шаардагы секс” сериалы менен келди десек жаңылышпайбыз. 1997-жылы актриса өзүнүн эски таанышы жана жакын досу Мэтью Бродерикке турмушка чыгып, 2002-жылы ага жакшынакай уул төрөп берген.
Ким Кэтролл 1956-жылдын 21-августунда Ливерпулда (Англия) төрөлгөн. Кино жана театр актрисасы Ким “Чоң шаардагы секс” тасмасындагы “кесиптештеринин” арасынан эң тажрыйбалуусу. Ал тасмага 3 айынан баштап тартылып, 16 көркөм тасмада жана 30дай театралдык пьесаларда роль жараткан жана дүйнөлүк деңгээлдеги “Алтын глобус”, “Эмми”, “Гремми” сыйлыктарына ээ болууга жетишкен.
Актриса гана эмес, “Драма Департмент” театралдык компаниясынын жетекчиси жана бир топ театралдык долбоорлордун продюсери катары таанымал болгон Синтия Никсон 1966-жылы 9-сентябрда Нью-Йоркто (АКШ) туулган. Киного биринчи жолу 1980-жылы келген Синтия бул жаатта да көп ийгиликтерге жетишкен. Титрде аты жазылбаса да Синтия сөз болуп жаткан тасманын продюсерлеринин бири.
Таланттуу актриса Кристин Дэвис 1965-жылдын 24-февралында Боулдэрде (АКШ) туулган. Адегенде психолог кесиби боюнча университетти бүтүрүп, кийин жарнамалык роликтерге жана чакан театралдык пьесаларга катыша баштаган. Кристин “Чоң шаардагы секс” тасмасына тартылгандан бери Голливуддун атактуу актрисаларынын катарынан орун алган. Учурда актриса Нью-Йоркто йога мектебин иштетет.

КЫЗЫКТУУСУ...
Тасмада чакан ролду аткаруу атактуу ырчы Виктория Бэкхемге сунушталган. Тилекке каршы, “Spice Girls” тобунун дүйнөлүк турнесинен колу бошобой жаткан Виктория мындай сунуштан баш тартууга аргасыз болгон.
Сериал 6 “Эмми”, 8 “Алтын глобус” жана башка сыйлыктарга ээ болгон. Муну эске алуу менен фильмди дагы да чоң келечек күтүп турат десе болот.
“Чоң шаардагы секс” сериалынын акыркы бөлүмү экран алдына 4,5 миллион көрүүчүнү топтогон.
Тасмада кооз кийимдердин көптүгүнө ар бир эле көрүүчү көңүл бурса керек. Мына ошол кийимдер тасма тартылып бүткөндө сатууга коюлган. Мисалы, “Chanel” фирмасынын кара көйнөгү 5 миң долларга сатылган.
Шанхайдагы телеканалдардын бири 2003-жылы сөз болуп жаткан сериалдын негизинде өзүнүн “Ысык айымдар” сериалын тарткан.
Тасманын бюджети 65 миллион долларды түзгөн.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 296, 4-10-июль, 2008-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан