ТАТЫМАЛДАР ЖАНА ДЕНСООЛУК

Биз татымалдарды тамакка «даамы жакшы болсун» деп кошобуз. Көптөгөн татымалдар тамакка курч даам гана бербестен, денсоолукка да пайда алып келет.

Имбирь. Оорутууну сездирбөөчү, жараны айыктыруучу, сезгенүүдөн сактоочу касиетке ээ (имбирь – тропикалык өсүмдүк, жыттуу, даамдуу тамыры татымал катары колдонулат).

Шафран. Анемияда, жүрөк-кан тамыр оорусунда колдонуу сунушталат. Канды тазалап, жыныстык жактан алсыздыкты айыктырууда колдонулат.

Зире (тмин). Тамактын бат аш болуусун камсыздап, жөтөлдө жардам берип, ашказан-ичегидеги оорутууну басат. Зирени татымал катары гана колдонбостон, чай катары да демдеп ичсе болот. Ал үчүн 1 чай кашык зиренин уругу 250 грамм кайнак сууга салынып демделет. 10 мүнөттөн соң сүзүп алып иче берсе болот. Мындай чай ичтеги газды айдап, ичтин көпкөнүн жоготот.

Кардамон. Пияз, горчица, калемпирге салыштырмалуу ооздун былжырын дүүлүк­түрбөйт. Индиялык дарыгерлер “көңүл айланганда, ашказанда тамак аш болбой көпкө туруп калганда кардамонду колдонсо жакшы жардам берет” деп далилдешет.

Гвоздика. Жүрөк-кан тамыр ооруларында, эс-тутумду калыпка келтирүүдө, бронхитте сунушталат. Мындан тышкары, бул татымал ичтейди ачып, ашказан-ичегидеги оорутууну сездирбей коюучу касиетке ээ.

Шалфей. Тамактын жакшы сиңишине түрткү болуп, нерв системасын эс алдырат.

Куркума. Мекени Индия болгон өсүмдүк канды тазалап, боордун иштөөсүн жакшыртат. Жөтөл менен суук тийип сезгенүүнүн алдын алат.

Корица. Сезгенүүнүн алдын алып, жаранын бат бүтүшүнө таасирин тийгизет. Боор, бөйрөк, табарсыктын ооруларында диетикалык тамак менен кошо кабыл алуу сунушталат.

Кызыл калемпир. Ачуу калемпир минералдык туздарга, витаминдерге, көмүртекке, белокко бай. С витамини лимонго караганда дал ушул татымалда көп. Табитти ачып, кан айланууну жакшыртып, тамактын бат сиңишине түрткү болгондон сырткары бактериялардын көптөгөн түрлөрүн өлтүрүүгө жөндөмдүү. Кызыл жүгүрүк оорусунда да колдонулат.

Көңүл бургула!
Татымалдардан тундурма (настойка) мындайча жасалат: стаканга 1 чай кашык татымал салынып, үстүнө кайнаган 200 грамм суу куюлуп, 2-3 мүнөт коюлат. Тундурманы аздан ууртап ичүү керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 296, 4-10-июль, 2008-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан