КУНГ – ФУ ПАНДА

Бүгүнкү биз кеп кыла турган комедиялык мульт­фильм экранга чыга элек жатып бүткүл дүйнөдө популярдуу болду. “Кунг-фу панда” бир жарым айдын ичинде 130 миллион долларлык бюджетин 300 миллион доллар менен жаап коюуга жетишти. Мындай ийгилик жок дегенде дагы жарым жыл уланса, мультфильм «Жылдын эң кирешелүү долбоору» деп аталуусу толук мүмкүн.

Режиссёрлору – Марк Осборн, Жон Стивенсон
Сценарийин жазгандар – Жонатан Айбел, Гленн Бергер
Продюсерлери – Гленн Бергер, Мелисса Кобб
Үндөрүн коштогондор – Жэк Блэк, Дастин Хоффман, Анжелина Жоли, Жеки Чан, Люси Лью, Йен МакШейн
Орус тилинде үндөрүн коштогондор – Михаил Галустян, Александр Хотченков, Алиса Гребенщикова, Илья Лагутенко, Анна Семенович

ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ?
“Турагой, По, жумушка кечигесиң!” деген сөздү панда күн сайын эртең менен угат. Күн сайын эртең менен атасынын бул чакырыгы Понун эң таттуу түштөрүн аягына чейин көрүп бүткөнгө жолтоо болот. Кыялында кунг-фу жоокери болууну самаган По Тынчтык өрөө­нүн­дөгү жөнөкөй кесмеканада иштейт. Понун атасы уулуна кесме шорпонун сырын ачып, чакан бизнести ага өткөрүп берүүнү тилеп жатса, панданын ою такыр башкада. Ал кичинекейинен бери кунг-фу жоокерлерине окшош болгусу келчү. Укмуштуу бешилик: Жолборс, Маймыл, Турна, Жылан, Жаачы жана алардын устаты, улуу Шифу – панданын кумирлери.
Бир күнү Тынчтык өрөөнүнө жаман кабар келет. Ташбоор кабылан Тай-Лунг түрмөдөн качып чыгып, өрөөнгө келатат. Өрөөндөгү акылман ташбака Угвей: “Өрөөндү сактап кала турган Ажыдаардын жоокерин тандоо убактысы келип жетти. Ал баарыбызды аман сактап калат”,- деген билдирүү жасайт. Өрөөндүн жашоочуларын куткарып, “Ажыдаардын жоокери” деген атка конуу үчүн укмуштуу бешилик өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Бирок, акылман Угвей эмнегедир панданы көрсөтүп, баарын таңкалтырат. Устат Шифу акылмандын жаңылып алганын ойлоп, панданын кетишин талап кылат. Бирок, жалкоо, семиз, олдоксон По өжөрлүгү менен кунг-фунун сырларын үйрөнүп, кыялын орундатат. Себеби, По эч ким билбеген сырдуу күчкө ээ...
“Миң уккандан бир көргөн жакшы” дегендей, дүйнөлүк премьераны көрүүгө сиз да шашылыңыз.

“DREAM WORKS” ДЕМЕЙДЕГИДЕЙ ИЙГИЛИК ЧОКУСУНДА
“Кунг-фу панда” 2003-жылдын күз мезгилинде тартыла баштап, 2008-жылдын жазында аяктаган. Бул төрт жарым жылды тартуучу топ саатка айландырып тамаша катары: “Бир панданын окуясын тартуу үчүн 38 380 саат короттук”,- деп айтышат.
Сүрөтчү, компьютердик дизайнер, айдоочу, кофе тараткыч сыяктуу эң керектүү иштерди аткарган адамдарды кошкондо мультфильм үстүндө баш-аягы 948 адам иштеген.
«Кунг-фу панданы» тарткан анимациялык бөлүмдүн курамына АКШ, Канада, Франция, Италия, Испания, Ирландия, Англия, Мексика, Жапония, Швеция, Бельгия жана Израилден келген адистер бар эле.
“Мадагаскар”, “Арстан хан”, “Шрек” мультфильмдерине ыр жазган композиторлор Ханс Циммер менен Жон Пауэлл бул жолу да “Dream Works” студиясынын ишеничин акташты.
Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2008-жылы 15- майда «Канн» Эл аралык кинофестивалынын сынактан тышкаркы программасында болуп өткөн.

АНИМАТОРЛОРДУН ЭМГЕГИ
“Dream Works” студиясы адаттагыдай сапаттуу мультфильм жаратты. Аниматорлордун тобунда 25 негизги жана 37 жардамчы болуп 62 адам эмгектенген. Мультфильмдеги ар бир каармандын кыймыл-аракетин туура тартып, кунг-фу өнөрүнүн эрежелерин туура көрсөтүш үчүн аниматорлор кытай тарыхы менен бирге тай-цзы жана кунг-фу сабактарын да үйрө­нүшкөн.
Күнүнө 20 сааттан тынбай иштеген аниматорлор арасында өзүнчө салттар пайда болгон. Мисалы, бир кадр тартылып бүткөн сайын (ар бир кадрды тартууга 10-16 саат кетчү) аниматорго печенье алып келип беришээр эле. Ал эми күн сайын кезиккенде сүрөтчүлөр мультфильмдеги каармандар сыяктуу бири-бирине кунг-фуча ийилип салам беришкен. “Кунг-фу панданы” тарткан аниматорлордун эмгегин баалоо, бул жумуштун кандай кылдаттык менен аткарылганын түшүнүү үчүн төмөнкү деталдарга көңүл бөлүү зарыл:

  • Жабыркаган Пону айыктырам деп Жаачы анын далысына ийне сайып берет. Бул эпизоддо аниматорлор эринбестен 133 даана ийне тартышкан.
  • Нефрит сарайы 88100 түрдүү бөлүктөн турат.
  • Сүрөтчүлөр турнага 6019 канат, жыланга 120 түрдүү түс тартып беришкен.
  • Түрмөдөн качып бараткан эпизоддо Тай- Лунгга туура 1500 жаа атылган.
  • По менен анын жаңы достору тамак жеп жаткан көрүнүштө ар биринин идишинде 64төн макарон бар экенин байкаса болот.
  • Ажыдаардын жоокерин тандоо аземинде аянтта 2306 көрүүчү отурат.
  • Аркан көпүрөдөгү согушууда көпүрөнүн 370 тактайчасынын 174ү сынганын да аниматорлор эсепке алышкан.
  • Акылман Угвейдин кайып болгон эпизоддунда 37517 шабдаалы жалбырагы тартылган.
    Дагы бир кызыктуу маалымат катары аниматорлордун бири Ник Павловдун башынан өткөн окуясы айтылат. Ал жумушуна ушунча берилгенинен 27 күн катары менен үйүнө барбай иштеген да, сакалы өсүп кеткенден сырткары сүйгөн кызы менен да урушуп кеткен экен.

ЖЫЛДЫЗДАР КАТЫШКАН МУЛЬТФИЛЬМ
“Кунг-фу панданын” жаралышына чоң салымын кошкон атактуу актёрлордун атын атап өтпөсө болбойт.Башкаарман Понун үнүн коштогон актёр Жек Блэк дубляж учурунда туруп иштөөнү туура көрчү. Себеби, ал панданын ар бир кыймыл-аракетин кайталаганга аракет кылчу. Мындай учурда актёр кыймылдары менен үнүн шайкеш келтире алган.
Азыркы тапта “Өзгөчө кооптуу” тасмасы менен алектенип жаткан белгилүү Голливуд актрисасы Анжелина Жоли мультфильмде Жолборстун үнүн коштогон. Анжелинага өзүнүн каарманы ушунчалык жагып калгандыктан, актриса далысына жолборстун татуировкасын тарттырып алган экен.
Дүйнө жүзүнө атагы чыккан актёр Жеки Чан үчүн “Кунг-фу панда” – алгачкы анимациялык долбоор эмес. Мурда актёр мушташ, драма, фантастикалык фильмдеринен сырткары балдар үчүн арналган “Жеки Чан” аттуу анимациялык сериал чыгарган эле. Жашоодо да кунг-фу устаты болгон Жеки Чан мультфильмде Маймылдын үнүн коштогон.
Тай-Лунгдун жаш чагын режиссёр Марк Осборндун алты жашар уулу кичинекей Райли ойногон. Актёр Жек Блэктин аялы да күн сайын дубляжга келип жатып бир ролду аткарганга жетишип калган. Ал – Понун түшүндөгү официант коёндун ролу.
Бизде мультфильмдин орусча варианты көрсөтүлүп жатат. Мында атактуу КВНчи жана “Наша Раша” көрсөтүүсүндөгү кайталангыс образдарды жараткан Михаил Галустяндын эмгеги зор. Чоң пандага окшобосо да үнү менен образды жеткире алгандыгы менен Галустян талантын дагы бир жолу тастыктап берди.
Орусиядагы белгилүү «Мумий Тролль» рок-тобу жана анын солисти Илья Лагутенко мульт­фильмдин орусча варианты үчүн «Кунг-фу устаттары» деген ыр жаздырган. Бул ыр Лос-Анжелесте жаздырылып, ага дароо клип тартылган. Ал эми Лагутенко өзү мультфильмде Маймылды сүйлөткөн.

СУНУШТАЙБЫЗ!
Эгерде “күлкү өмүрдү узартат” деген сөз чын болсо, анда 90 мүнөттүк “Кунг-фу панданы” көрүүдөн калбаңыз. Сюжет, идея, дубляж, саундтрек, айтор, бардык жагынан төп келген бул мультфильмди көрсөңүз өкүнбөйсүз.
«Шрэк», «Рататуй», «Мергенчилик мезгил», “Мадагаскар”, “Колуктунун өлүгү» сыяктуу долбоорлор жарык көргөндөн баштап мультфильмдер кичинекей балдарга гана эмес, улуу муунга да арналган жанр экени белгилүү болду. Сиз мультфильм сүйүүчүлөрдүн катарына кирсеңиз, анда коллекцияңыз дагы бир жаңы анимациялык окуя менен толукталаары анык.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
amigos
2009-08-05 07:58:48
Men bul mul'tfil'mdi murun ele korgom, je bul stat'ya murun ele jazylganby? Anan suranych, kaisy kunu jazylgan datasyn jazyp koigulachy. Rahmat
0
№ 297, 11-17-июль, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан